Компания жөнүндө

Эл аралык Юридикалык Компания – корпоративдик укук, салыктык консалтинг жана соттордогу өкүлчүлүк чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүгө адистештирилген, Россиянын В2B секторундагы юридикалык ири компаниялардын бири.

Компаниянын тарыхы 2001-жылы башталган. Акыркы бир нече жылдар ичинде компаниянын өсүшү 80% дан ашкан, жаӊы долбоорлордун, бүтүмдөрдүн саны көбөйгөн, аны менен бирге кесипкөй адистердин штаты өскөн, 2009-жылы компаниянын кеӊсеси борбордун тарыхый борборуна Остоженка көчөсүнө көчкөн.

Биздин компаниянын негизги баалуулугу - кызматкерлердин ынтымактуу командасы. Бүгүнкү күнү компаниянын жамааты өзүнүн тутумунда укуктук өзүнчө жаатындагы адистикке ээ болгон 50дөн ашык жогорку кесипкөй адистерди, ошондой эле кардарларга чыгма жана камералдык салык текшерүүлөрүн кынтыксыз өтүүгө жардам берүүчү салык укугу жаатындаы адистерди бириктирип турат. Биз өз кызматкерлерибиз менен сыймыктанабыз жана кызыктыруучу жана бириктирүүчү корпоративдик иш-чараларды уюштуруу менен, жаматтык духту колдойбуз.

Компаниянын өкүлдөрү конференциялардын, семинарлардын, көрсөтмөлөрдүн жана башка көптөгөн юридикалык форумдардын, аны менен бирге жыл сайын өткөрүлүүчү Петербург Эл аралык Юридикалык форумдун катышуучулары катары дайыма чыгуу менен, юридикалык жана ишкер коомчулуктун турмушуна жигердүү катышып турушат

Жамааттын калыптанып калган иштери, татаал кырдаалдарда иштөөнүн стратегиясы боюнча чечимдерди коллегиялуу кабыл алуу, аракеттеги тарыйбанын жана прецеденттердин талдоосу, ошондой эле укуктук коллизияларды пайдалана билүүсү биздин адистерге иште эӊ мыкты натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Фактылар жана сандар

Биздин башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүгүбүз – биз татаал юридикалык маселелерди чечүүдө реалдуу тажрыйбага ээ болгондугубузда.

  • Биздин компаниялар ай сайын ондогон коммерциялык эмес уюмдарды ыкчам жана баш тартуусуз Юстиция министрлигинде каттодон өткөрөт, бул болсо Эл аралык Юридикалык Компаниянын узак мөөнөт аралыгында коммерциялык эмес жана коомдук уюмдарды Россияда каттоо боюнча кынтыксыз лидер катары калуусуна мүмкүндүк берет.
  • Биз көптөгөн тармактарда өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмарды түзүү боюнча адистерден болобуз жана өзүн-өзү жөнгө салынуучу уюмарды (ӨЖУ) «ачкычына чейин» түзүү боюнча ири практикалык тажрыйбага ээбиз.
  • Биздин юристтер ай сайын жүздөгөн юридикалык жактардын кайра түзүлүшүн коштошот. Мындай ири практикалык тажрыйба болгон тобокеддиктерди минималдаштырууга жана кайра түзүү процессинин мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет.
  • Биз ай сайын өз эрки менен жоюлган ондогон уюмдарды юридикалык актан коштойбуз жана юридикалык жактардын өз эрки менен жоюлган процессинде болгон тобокелдиктерди минималдыштыра алабыз.
  • Биз фабрикалардын, заводдордун, тарамдык компаниялардын жана дүкөндөрдүн банкрот болуу жол-жоболорунда коштоонун ири тажрыйбасына ээбиз. Банкрот болуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды мыкты билүү кредиторлордун да, көйгөйлүү уюмдун ээлеринин да кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого мүмкүндүк берет. Биз коштоп жүргөн банкроттошуунун бардык жол-жоболору боюнча катышуучулардын же жетекчилердин бири да субсидиардык жоопкерчиликке тартылган эмес.

Биздин кардарлар

Бүгүнкү күнү 500дөн ашык компаниялар биздин туруктуу кардарларыбыз болуп саналат. Ар бир кардарга жана анын өтүнмөлөрүнө жекече мамиле жасай билүү - ири да, чакан да бизнестин өкүлдөрү менен ийгиликтүү иш алып барууга мүмкүндүк берет. Укуктук татаал маселелерди чечүүдө биздин ири тажрыйбабызды эске алып, өзүлөрү тигил же бул кызмат көрсөтүүлөрдү аткарбаган көптөгөн юридикалык компаниялар бизге кайрылышат, а биз болсо түздөн-түз аткаруучулар болобуз. Биз өнөктөштөрүбүздү баалайбыз жана адвокаттар, юридикалык жана бухгалтердик компаниялар үчүн кызматташуунун атайын шарттарын сунуштайбыз.

Биздин аткарган иштин бийик сапатынын мыкты далили – кардарларыбыздын жана өнөктөштөрүбүздүн оӊ пикирлери. Негизинен, тематикалык юридикалык форумдарда укуктук татаал маселелерди чечүүгө көмөк көрсөткөнүбүз үчүн компания юрист-кесиптештерден жүздөгөн ыраазычылыктарды алган. Кардарлар менен өз-ара аракеттердеги биздин талашсыз артыкчылыгыбыз болуп биз конкреттүү компаниялар менен кызматташкан фактыларыбызды, ал гана эмес кызматташуу шарттарыбызды эч качан жарыялабайбыз.

Биз кардарларыбыздын ишеним көрсөткөнүнө жана колдоосуна ыраазыбыз, дайыма өнүгүүгө жана өркүндөөгө умтулуу менен, кызмат көрсөтүүнүн жана сервистин бийик деӊгээлин туруктуу камсыз кылууну уланта бермекчибиз.



Жаӊылыктар

Яндекс.Метрика