Кызмат көрсөтүүлөр

Коммерциялык уюмдар. Каттоодон өткөрүү жана өзгөртүү Коммерциялык уюм пайда көрүү үчүн түзүлөт, бул анын ишинин негизги түрү болуп саналат. Катоодон өткөрүп жатканда компаниянын уюштуруу-укуктук формасын, түзүүчүнүн жана жетекчинин өздүгүн, экономикалык багытын, салык салуу системасын жана «ЭЮКтун» юристтери жардам берүүчү башка учурларды аныктап алуу керек.
Биздин адисиер легалдуулукту, айкындыкты жана иштин ыкчамдыгын кепилдеп, каттоодон өткөрүүнүн бардык этаптарында коштоп жүрүшөт - жол-жобонун орточо мөөнөтү 2 жуманы түзөт.
Коммерциялык эмес уюмдар. Каттоодон өткөрүү жана өзгөртүүКоммерциялык эмес уюмдун негизги ишмердиги пайда алуу менен байланышпайт. Алынган пайда катышуучулардын жана мүчөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлбөйт, бирок эгер бул коммерциялык эмес уюмдун максатына шайкеш келсе, киреше алып келүүчү ишке укугун уставда бекитип койсо болот
Коммерциялык эмес уюмду каттоо 1-1,5 айдын, коомдук уюмду – 1,5-2 айдын ичинде болот. «ЭЮКтун» юристтери бардык керектүү документтерди даярдап, жол-жобону белиленген мөөнөттө жүзөгө ашырганга жардам беришет, айрым учурларда – мөөнөтүнөн мурда да бүтүрүшөт.
Юридикалык жактарды жоюу«ЭЮК» көптөгөн жылдардан бери юридикалык жактарды жоюу менен алектенип келет жана бул маселеде зор тажрыйбага ээ. Конкреттүү кырдаалга карай биздин юристтер юридикалык жакты өз ыктыяры менен жоюуну же банкрот болууну жүзөгө ашырганга жардам беришет, же альтернативдик ыкманы: юридикалык жакты кайра түзүүнү же жетекчини жана түзүүчүлөрдү которууну сунушташат.
Тандалып алынган варианттан улам жол-жобо 2 жумадан 8 айга чейин созулат. Юристтер мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүп, ар бир ишке жекече мамиле жасашат жана коюлган милдетти ийгиликтүү чечишет.
Жеке жактардын банкрот болуусуБанкрот болуу жеке жактарга финансылык туӊгуюктан чыгууга жадам берет. Жол-жобонун үч варианты болушу мүмкүн: карыздарды кайра түзүмдөштүрүү (финансылык чыӊдалуу), мүлктөрүн сатуу жана тараптардын тынчтык макулдашусу.
Ар бир конкреттүү жагдайга жараша банкрот болуу алты айдан бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. «ЭЮКтун» юристтери так мөөнөттү эсептеп чыгышат, жол-жоболорду өткөрүшөт жана карызкорго кыйын кырдаалдан чыгууга жардам беришет.
Юридикалык жактардын банкрот болуусу«ЭЮК» компаниялар банкрот болгондо менчик ээлерине жардам берүүдө жана карызкордун контролдоочу жактарын субсидиардык жоопкерчиликке тартууда кредиторлорду колдоодо ири ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Биздин юристтер стандарттык ыкмаларды колдонушпайт жана керектүү чаралардын топтомун тандоо менен, ар бир кырдаалды жекече тартипте карашат.
«ЭЮКка» кайрылуу менен банкрот болуу башынан аягына чейин жүргүзүлөрүнө, ал эми белгиленген наркка процесстин жүрүшүндө кошумча коромжулар кошулбастыгына ишенимде болуш керек.
М&АКомпаниялардын кошулушу жана бирине экинчиси сиӊип кетиши – бизнести бекемдөөгө жардам берүүчү кайра түзүүнүн түрү. Бир нече компания кошулганда, өз алдынча иштеп турган иштерин токтотушуп бир компанияга биригишет, ал эми жаӊы компания активдерди башкарууну да, кредиторлор алдында милдеттенмелерди да өз контролуна алат. Компаниялардын бири экинчисине сиӊип кеткенде бир юридикалык жак экинчисинин үстүнөн 100% контроль жүргүзүүнү алат жана анын ишин толугу менен башкарат.
Сизин компанияӊыз үчүн кайра түзүү достук түрдө же каршылаш түрдө болгондугуна карабай «ЭЮКтун» юристтери түзүлгөн кырдаалды ынтымакта жана максималдык натыйжалуу чечүүгө жардам берет.
Бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөр«ЭЮК» салык салуунун бардык тутуму менен айып пулдардан, үстөктөрдөн коргоо, финансылык толук коопсуздукту берүү аркылуу өзүнүн уникалдуу усулдарынын негизинде иштейт. Кагылышуулар пайда болгон учурда «ЭЮК» кардарлардын укугун сотто коргой алат.
Биздин бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөрүбүздү пайдалануу өз адистерин кармаганга караганда арзанга турат. Андан тышкары бардык иштер мөөнөтүндө, ал гана эмес мөөнөтүнөн мурда да аткарылат, тышкы кырдаалдар пайда болгондо биздин кызматка кайрылсаӊыздар болот, эӊ негизгиси – аткаруучу өзүнүн бардык аракеттери үчүн жоопкерчиикти алып жүрөт.
ФМКФедералдык монополияга каршы кызматка кайрылган учурда «ЭЮК» кеситик жардам көрсөтөт.
Биздин адистер мыйзамдар маселелери боюнча консультацияларды беришет, бүтүмдүн укуктук талдоосун жана документтерди даярдоону жүзөгө ашырышат, уруксат алууга, билдирмелерди түзгөнгө жардам беришет, ФМКнын текшерүүлөрүн коштоп жүрөт, жарнама чөйрөсүндө укуктук колдоо жана тооруктун натыйжаларына даттанууда юридикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле Сиздер РНПга түшкөн учурда ФМКда өкүлчүлүк ала аласыздар.
Абоненттик юридикалык тейлөө. Биз – бардык кырдаалдарда сиздердин консультантыӊыздарбыз«ЭЮК» компанияларга муктаждык пайда болгонго жараша туруктуу негизде юридикалык кызматтарды көрсөтөт. Укуктун түрдүү жааттарындагы кесипкөй юристтер чакан да, ири да бизнестин татаал маселелерин чечүү тажрыйбасына ээ.
Биз менен кызматташуу Сиздерге бардык юридикалык көйгөлөрдү ыкчам чечүүгө, укуктук актуалдуу маалыматтарды өз маалында алууга, салыктык текшерүүлөрдүн тобокедиктерин төмөндөтүүгө жана фирманын экономикалык натыйжалуулугун минимум 20%га жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр«ЭЮК» турак жана турак эмес кыймылсыз мүлктөрдүн объектилери, жер тилкелери менен бүтүмдөр боюнча, ошондой эле кайра пландоонун макулдашуусу жана документтерди, маалымкаттарды тариздөө боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Мыйзамсыз мүлктөр менен бүтүмдөрдү каттоо көп убакытты жана күчтү алат. Биздин адистер сиздерди бюрократиялык жол-жоболордон арылтып, сапатка жана ыкчамдыкка кепилдик берип, бүткүл ишти өзүнө алышат.
Баалуу кагаздардын эмиссиясыАзыркы доордо баалуу кагаздар күн өткөн сайын өтүмдүү болуп бара жатат, ошондуктан көпчүлүгү баалуу кагаздардын эмиссиясы боюнча кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн «ЭЮКка» кайрылып жатышат. Эмиссия акциялар үчүн да, ошондой эле облигациялар же опциондор үчүн да болушу мүмкүн. Аны биринчи жолу жүзөгө ашырууга, же кошумча чыгарылышына тапшырык берүүгө (мисалы, каалаган учурда коомдун акцияларын көбөйтүүгө) болот.
«ЭЮКтун» кесипкөй адистери бул маселелерди сапаттуу жана өз убагында чечүүгө жардам берет.
Котормо жана бардык тилдерден котормолорду нотариустан күбөлөндүрүүЭгерде укукту белгилөөчү документ чет тилде таризделген болсо, анда колуӊда ал документтерди кармап туруу жетишсиз болгон учурлар кездешет. Мамлекетик органдар, бүтүмдөр боюнча контрагенттер документтин нотариустан котормосун талап кылышы мүмкүн, себеби дал ошол нотариустар тексттин аутенттилигине кепилдик берет.
«ЭЮКтун» адистери бул маселени чечүүдө жардам берүүгө дайым даяр.
Бардык активдерди баалооСатып алуу-сатуу, талаптын укуктарын берүү келишимдерин түзүүдө укуктардын түрдүү объектилеринин наркын баалоо түрдүү сот процесстеринде да, контрагенттер менен бизнес жүргүзүүдө да керектелиши мүмкүн. Сабаттуу жана тажрыйбалуу баалоочу – бийик деӊгээлдеги адис, өзүӊдүн маселеӊди чечүүнү ага жеӊил эле ишенип тапшырууга болот.
Активдерди баалап берүү үчүн «ЭЮКка» кайрылуу менен, Сиз кызмат кесипкөй, сапаттуу жана мөөнөттөрдү сактоо менен көрсөтүлүшүнө ишеничте боло аласыз.
Экспертизанын бардык түрлөрүАйрым учурларда укуктук суроолорго кесипкөй юристтин гана эмес, тиешелүү жааттагы эксперттин да пикири талап кылынат. Сабаттуу, негизделген жана мотивдештирилген экспертиза – юридикалык бир нече жагдайларды чечүүдөгү эӊ маанилүү аспектилердин бири.
«ЭЮКка» кайрылуу менен, Сиздер кесипкөй адистердин тажрыйбалуу жана жооптуу командасы сизге бардык маселелерди чечүүгө жардам берерине ишеничте боло аласыз.
Башка өлкөлөрдө ишенимүү өнөктөштөрдү тандооИнтернеттин жана заманбап технологиялардын өнүгүшү менен эл аралык байланыштар жана ишкер өнөктөштүктөр улам барган сайын күчөп бара жатат. Бирок, контрагент сизге тааныш болбосо, жана бизнеси башка өлкөдө жүргүзүлүп жатса, анда сиз өзүӊүздүн контрагентиӊизге кантип ишеним арта аласыз?
«ЭЮКтун» адистери сапатка жана кесипкөйлүккө кепилдик берүү менен, Сизге ишенимдүү жана туура келген чет өлкөлүк өнөктөштү тандоого жардам берүүгө даяр.

Жаӊылыктар

Яндекс.Метрика